Кыргыз коому акыркы кезде саясатты жана саясатчыларды таза эмес деп кабылдап туруп алдык. Чынында акты кара кылып, барды жок кылып, айткандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман кылган бир ууч каршы тараптын “пиаршиктери” болууда.  Ачыгын айтуу керек, 5 жыл бир орунда отуруп, балыктай болуп үн катпай, бар жогу билинбей, тээ камчаткада отуруп алып телефон чукуп уйкусурап араң жан жүргөн депутаттар толтура. Бирок биз эмнегедир, чындыкты айтып, ачык сүйлөгөн айрым депутаттарды каралап, ит агыткандай фейктерин агытып, жамандап жатып калууну атадка айланттык.

Кантсе да адам баласы алдыга максат коюп, ошол бийиктикке умтулуп жашайт эмеспи. Эл камын ойлоп, элдин таламын талашып, чек ара маселесин кабыргасынан коюп барынча аркетин салып, өтүкчөн сел кечип эл аралаган Таабалды Тиллаевди көргөндө кубанган элем. Анткени ар кандай жагдайды башынан өткөрүп, жаш кезинде миң ирет сел кечип, жокчулукту башынан кечирген адам катары элдин муңун жакшы билет.

Бала кезинде Лейлек районунун Чимген айылында чоңойгон.  Лейлек эли жумушту сүйгөн эл. Тамеки эгип, терип, жыйнап түйшүгү көп.  Аны кышында өткөрүп, жайы менен тынбаган эмгегине 5-6 кап буудай алышчу. Дал ушундай жашоону көрүп чоңойгон бала эл үчүн кызмат кылууну чечет.

2005-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1995-жылы Бишкек шаарындагы «Датка» ЖЧКсынын экспедитору, менеджери болуп баштаган;

1999-2000 — Сапат соода үйүнүн башкы директорунун орун басары болуп эмгектенүудөн баштайт.

ЖК га 2015-жылы депутат болуп келет. Депутаттыкка келгенден тартып эл үнүн жеткирүугө аракет кылды.

— 34 мыйзам долбооруна демилгечи катары чыккан.

-10 000 ашуун шайлоочуларды жеке кабыл алып алардын кайрылуулары менен таанышып чыгып аларга жардам берди.

— 30 ашуун ар кандай маселелер боюнча шайлоочулар менен жоолугушуулар өткөрдү.

Өзгөчө кырдаал учурунда, сел жүргөндө эл менен аралышып, абалды жеринен барып көрүп чечүүгө жардам берди. Баткенде чыккан чек ара жаңжалында каза болгон дарандардын үйүнө көңүл айтып барып, абалын сурады. Бир канча ирет өкмөткө кайрылып  маселени чечүүнү, жергеиликтүү тургундардын абалын айтты.

-Дүйнөлүк пандемия учурунда Россия Федерациясындагы Кыргызстандын жарандарына өз мекенине учуп келүү үчүн көмөк көрсөттү. 

Тизмектеп отурсак кылган кызматы чыга берет. Эң башкысы эл билет баарын. Айрым бир балык ооз, бар жогу билинбеген, кнопка баскыч депуттарга салыштырмалуу, элине ат көтөргүс эмгек  кылган уулуна кичи мекени ыраазы.