Коом
Бишкекте дайынсыз жоголгон 6 жаштагы бала табылды
Бишкек шаарында милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон жаш бала табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, 16-августта РИИБге шаардын жашоочусу Н.Н. (аял киши) кайрылып, 2014-жылы төрөлгөн уулун издөөгө көмөктөшүүнү суранган. Анын айтымында, уулу Ак-Өргө конушунда дайынсыз жоголгон.
«Ошол эле күнү издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ленин РИИБдин кызматкерлери жоголгон баланы табышты. Анын абалы жакшы, ата-энесине өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.