Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Байыш Юсупов дайындалды. Бул тууралуу Ош облустук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон. Өкмөттүн жаңы өкүлүн жамаатка вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тааныштырган. Белгилей кетсек, Байыш Юсупов буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары болуп иштеп келген.

Өмүр баяны

Байыш Юсупов 1957-жылы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында төрөлгөн.

1979-жылы Орусиянын «Иванов» текстиль жана жеңил өнөр-жай институтун, инженер-технолог адистиги, 2003-жылы Ош технологиялык университетин бухгалтер-экономист адистиги боюнча бүтүргөн. 2012-жылы «Айыл чарба өндүрүшүнүн экономикалык эффективдүүлүгүн көтөрүү» деген темада диссертациясын жактап, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

Эмгек жолу:

1979-1988-жылдарда «Октябрдын 50 жылдыгы» атындагы Ош пахта комбинатында (ХБК) катардагы кызматкерликтен, өндүрүштүн жетекчисине чейинки кызматтарда иштөө менен башталып, 1988-жылы Ош облустук элдик көзөмөл комитетинде бөлүм башчы;

1989-1993-жылдарда Кара-Суу пахта тазалоочу заводунун директору;

1993-2009-жылдарда «Ак-Алтын» АКсынын жетекчиси;

2009-2012-жылдарда Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрация башчысы-акими;

1990-2013-жылдар аралыгында Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, төрагасы;

2013-жылдан тартып ушул мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп эмгектенген.

2001-жылы Кара-Суу районунун социальдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын «Данк» төш белгиси менен сыйланган. Футбол боюнча спорттун чебери, Кыргыз өлкөсүндө бир канча жолу чемпион жана вице-чемпион болгон, эл аралык ареналарда өлкөнүн намысын коргоп келген «Жаштык-Ак-Алтын» футболдук командасынын негиздөөчүсү.

Кыргыз, орус жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.