Россия Федерациясынын Башкырстан Республикасынан келген дарыгерлер кыргызстандык кесиптештеринин эмгегине жогорку баа беришти. Бул тууралуу КР саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

“КР Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан дарылоо протоколдору, алгоритмдер жана башка расмий документтер туура кабыл алынып, туура ишке ашырылып жатканын россиялык кесиптештер тастыкташты. Бир айга жакын убакыттын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарындагы медициналык мекемелерде иштеп, илдетти дарылоого активдүү катышышты. Россиялык дарыгерлердин Кыргызстанда алып барган ишинин жыйынтыгында эки тараптуу, жигердүү тажрыйба алмашуу жүрдү десем жаңылышпайм”, — деди КР саламаттык сактоо министри Сабиржан Адикаримов.

“Кыргызстанда колу жеңил, адискөй, кесибин сүйгөн дарыгерлер көп экен. Алар COVID-19 илдетине каршы күрөшүүдө мол тажрыйба топтошконуна жогорку баа бердик. Бийик тоолору жана таза суусу менен кооз Кыргызстанды сагынабыз. Бизге жүктөлгөн милдеттерди толугу менен аткарганга жетиштик. Илдеттин очогунда коронавирус инфекциясына каршы кыргызстандык кесиптештерибиз менен бирге иштегенибизге сыймыктанабыз”, — деди РФ Башкырстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов.

Бүгүн, миссиясынын ийгиликтиктүү аякташы менен, Башкырстан Республикасынан келген медицина кызматкерлеринен турган делегация мекенине учуп кетишти.

Маалымат үчүн:

  • Россиялык дарыгерлердин Кыргызстандагы миссиясы 25 күнгө созулду
  • Алар Республиканын 30дан ашуун медициналык мекемесинде иш алып барышты
  • 4000ден ашуун бейтап медициналык көзөмөлдөн өткөрүлдү
  • 564 жаран илдеттен сакайып чыгышты
  • Өпкөнү иштетүүчү аппаратка 20 бейтап жаткырылды
  • 17 бейтап өпкөнү иштетүүчү аппараттан чыгарылды
  • 5 бейтап жасалма дем алдыруучу аппараттан бошотулду