Бүгүн, COVID-19 менен күрөшүүдө алдыңкы сапта иштеген 202 дарыгердин дагы бир тобу Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Борбор калаа жана региондордон келген медицина тармагында эмгектенген кызматкерлердин тобу 7 күн бою кыргыз берметинин жээгинде “Алтын Жай” пансионатында эс алып, ден соолуктарын калыбына келтирип кайтышмакчы.

Эсиңиздерге салсак, бул иш-чара инфекция очокторунда иштеген медициналык кызматкерлер үчүн реабилитациялоо жана ден-соолугун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын алкагында өтүп жатат.