Токиодогу эң популярдуу аймактардын биринде, бир нече адаттан тышкары кооз жерлер пайда болду: ачык-айкын коомдук дааратканалар, деп жазат CNN.

   Shigeru Ban Architects тарабынан иштелип чыккан эки жаңы даараткана Сибуе шаарына орнотулган.


Алар адамдардын түшүнүктөрүн өзгөртүүгө багытталган инновациялык долбоордун бөлүгү.

«Коомдук ажатканаларга киргенде, айрыкча, эл көп чогулган жерлерде эки нерсе тынчсыздандырат. Биринчиси — тазалык, экинчиси — анын ичинде кимдир-бирөө барбы же жокпу », — деп билдирет Tokyotoilet.jp долбоорунун расмий сайты.

Жаңы дизайн ушул эки көйгөйдү чечип берет: ал дубалдардын ичин көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок колдонуучу ичине кирип, эшик жабыла баштаганда, дубалдар тунук болуп, купуялуулукту сактап калат.