Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров  эмне үчүн “Биримдик” партиясын тандаганын айтты. Бул тууарлуу министр Фейсбук баракчасына жазды.

«2017-жылы президенттик шайлоодо “Коррупциясыз бийлик, сүткорсуз экономика” деген платформа менен жарышка чыккам. Шайлоодо оппонент болуп чыкканыма карабай, президент министрлик кызмат сунуштаганда да эң алгач ушул платформамды ишке ашыруу максатында бул кызматка келгенмин. Албетте, ишенип берилген тармакта командам менен калктын аярлуу катмарынын жашоосун жеңилдеткен бир топ иштерди аткардык. Муну менен катар жогоруда айткан платформамдын негизинде түзүлгөн “Калктын реалдуу акчалай кирешесин максаттуу түрдө жогорулатуу жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү” деген долбоорду даярдап, Өкмөттүн тиешелүү министрликтерине, мурдагы Өкмөт башчыга сунуштадым. Баары эле “бул өзгөчө, колдоого ала турган реалдуу программа экен” деп баалашканы менен белгисиз себептерден улам ишке ашыруу аракети көрүлбөдү.

Бул долбоорду ишке ашыруу менен биз Конституциянын 42, 53-беренелеринде көрсөтүлгөндөй айлык акыны, пенсияны, жөлөкпулду, стипендияны калкты канааттандырган жогорку чекке көтөрмөкпүз. Элдин жашоо, иштөө чөйрөсү жогорку сапатка чыкмак. Муктаждар үчүн турак-жай жеткиликтүү болмок. Калктын саламаттыгы, билим алуусу кыйла сапаттуу жана жеткиликтүү деңгээлге көтөрүлмөк.

Импорт ооздукталып, атамекендик өндүрүүчүлөргө болуп көрбөгөндөй колдоо көрсөтүлмөк.

Мен буга чейин мени колдогондорду эмес, программмады колдогондорду издеп келдим. Демократиялык социализм принциптерине негизделген бул долбоор “Биримдик” партиясына да сунушталып, колдоого ээ болду. Эң башкысы – бул партия өзүнүн социалдык-экономикалык программасынын негизги өзөгү катары кабыл алды.

Мен бул партияны тандашымдын эң негизги себеби ушул. Мага элдин жашоосун жакшыртуу идеяларымдын, программамдын ишке ашуусу маанилүү. Бийлик системасы – бул идеяларымды ишке ашыруу инструменти.”-деп жазат.