Эл аралык космостук станциянын бортунда иштеген орусиялык космонавт Иван Вагнер Твиттерде Антарктиканын үстүндө  учуп бара жаткан беш белгисиз объекттин видеосун жарыялады, — деп билдирет  РИА Новости.

«Тасмадан  жарыкты гана эмес, башка нерсени да көрө аласыз … 9-12 секундада, параллель багытта жана бири-биринен бирдей аралыкта учуучу беш нерсе пайда болот», — деп жазды Вагнер Твиттерде.

Космонавт бул көрүнүштү метеориттер, спутниктерби  же дагы бир башка нерсе болушу мүмкүнбү деген суроо салды.

«Маалымат Роскосмос мамлекеттик корпорациясынын жетекчилигинин назарына жеткирилди. Материалдар Россия Илимдер академиясынын Космос изилдөө институтуна талдоо үчүн өткөрүлүп берилди», — деп кошумчалады космонавт.