Ак-Суу районунда жайгашкан Ысык-Көл облустук ооруканасынын реаблитациялык бөлүмү 1-сентябрдан баштап өлкө боюнча ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дарылоо ишин баштайт. Бул тууралуу бөлүмдүн башчысы Байышбек Бейшенбаев билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык абалга байланыштуу оорукана 6-июндан тарта бейтаптарды кабыл алууну токтоткон болчу.

«Биз эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алууну токтотконбуз. Бирок обсервациялык абалда иштеп жаттык. Россиядан жана Бишкектен келген дарыгерлерди, кызыл зонада иштеп чыккан дарыгерлерди жаткырып жаттык. Облустук санитардык көзөмөл борбору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 1-сентябрдан баштап ден соолугунанан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алууну пландап жатабыз. Бизде мекеме 100 орундуу. Бирок санитардык эрежелерди сактоо үчүн 50 баланы кабыл алып, калган кайрылгандарды жаңы график менен кабыл алууга ылайыктап жатабыз», — деди Бейшенбаев.