Сузак районунун аймагында райондук ИИБнин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, балдарды коргоо бөлүмү менен биргеликте жашы жете электердин арасында жайкы эс алуу учурунда кылмыштуулуктун алдын алууда жана селсаяктык, тилемчилик менен алектенишин болтурбоо максатында «Тилемчилик» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Сузак районунун тургуну 1987-ж.т. Н.М. арызы боюнча, 2020-жылдын 17-августунан бери үйүнөн чыгып кеткен жашы жете элек 3 баласы көчөдө тилемчилик кылып жүргөн жеринен РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Ошону менен катар бул үй-бүлөнүн абалы боюнча райондук социалдык жактан коргоо мекемесине балдарына жардам алуу боюнча сунуш жөнөтүлдү. Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул багытта алдын алуу жана түшндүрүү иштери дагы да болсо үзгүлтүксүз жүргүзүлө бермекчи.