Ош облусунун аймагында 2020-жылдын 19-августунан 21-августуна чейин “Тилемчи” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү.

Ош облусунун аймагында жалпы билим берүү мекемелеринин жайкы эс алуу учурунда окуучулар бош убактысында коомдогу жат көрүнүштөргө аралашып калуусун, ошондой эле селсаяктык жана тилемчилик менен алектенишин, укук бузууларга жана кылмыштуулукка аралашып калууларына бөгөт коюу максатында 2020-жылдын 19-августунан 21-августуна чейин “Тилемчи” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө тилемчилик жана селсаяктык кылган 52 жашы жете электер аныкталып, Ош ОИИБдин ЖУАБна 35 жаш өспүрүм жеткирилди. Алардын ата-энелери жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери алып барылды. Иш-чарага ИИОнун кызматтарынан жалпысынан — 218 кызматкер жана башка органдардын өкүлдөрүнөн 36 кызматкер катышты.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы