Коронавирус менен эң көп катталган учурлар 13-июлдан 19-июлга чейин катталган. Ал эми, ПЦР-анализ боюнча изилдөөдө акыркы жуманын ичинде жалпы 8718 учурдун ичинен тастыкталган учурлар 4,8%ды түзгөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

«Болжолдуу натыйжалуу репродуктивдүү саны катары бир адамдын жуктуруу мүмкүнчүлүгү 0,8ге барабар. Ал эми, облустар аралык динамика боюнча Жалал-Абад жана Баткен облустарында жугуу темпи дагы деле жогору бойдон калууда. Динамика жакшырганы менен, кооптонуу бар. Тилекке каршы, кайрадан оору жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт»,-деди Каратаев.

Мындан улам Каратаев тийиштүү санитардык талаптарды аткарууга чакырды. «Беткап кийүү, колду самындап жууп туруу, антисептик колдонуу жана социалдык аралыкты сактоону унутпаңыздар»,-деди ал.