Борбордук шайлоо комиссиясынын документтерди текшерүү боюнча жумушчу тобу «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин мыйзам бузуу болгондуктан кайтарып берүүнү сунуштады. Мындай сунушту жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов бүгүн, 25-августтагы жыйында айтты.

Бул чечим документтерди БШКга партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү жеткирбегени менен байланыштуу. Ал эми кечээ өзүн жаман сезип, ооруп жаткандыктан документтерди өзү өткөрбөгөнүн билдирген «Кыргызстан» саясий партиясынын ыйгарымдуу өкүлү Эльвира Абилдиева бүгүн да ден соолугу жакшы эместигин айтты. Анын айтымында, БШКга документтерди жеткирген адам ага жардамчы катары бекитилген.

Жумушчу комиссиянын отуруму аяктады. Бүгүн саат 17:00гө БШКнын жыйыны белгиленген. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жумушчу топтун сунушу бул жыйында карала турганын айтты. Эгерде «Кыргызстан» партиясы БШКнын кабыл ала турган чечими менен макул болбосо сотко кайрылууга укуктуу.