Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары убактылуу токтотулду. Буга байланыштуу айлык маянасынан баш тартты, деп маалымдайт өкмөттүн басма сөз кызматы.

Мындай чечим 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого байланыштуу. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгон.

Аида Исмаилованын ыйгарым укуктары шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулат.

«Кыргыз Республикасынын «Президентти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесинин 3-пунктуна ылайык, талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана органдардын тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз, рапорт менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде менчигинин түрүнө карабастан эмгек акысынын орточо өлчөмүн мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турууга милдеттүү», — деп айтылат 25-августта жарыяланган расмий маалыматта.