Минсктеги Көзкарандысыздык аянтында 5 миңге жакын адамдын катышуусунда оппозициянын митинги өттү. Ошол эле учурда Комаровский базарынын жанында Александр Лукашенконун жактоочуларынын митинги болуп, ага миңге жакын адам чогулду.


РИА Новости билдиргендей, оппозициянын митинги расмий эмес Эгемендүүлүк күнүнө арналган — 1991-жылы ушул күнү БССР көзкарандысыздыгы жарыяланган. Чогулгандар бийликтин таркап кетүү чакырыгына жооп беришкен жок, караңгы кирген гана тарап кетишкен.


Оппозициянын айрым демонстранттары кармалганы кабарланган. Алардын так саны белгисиз.

Ал эми мамлекет башчысынын жактоочулары  Комаров базарынын жанына чогулушкан.

Базар аянты дээрлик толугу менен элге толгон. Алар кол чаап,  «За батьку!» — деп кыйкырышты.


Акциянын жүрүшүндө Беларуссия тууралуу видеолор базардын имаратынын фасадындагы чоң экранда көрсөтүлдү. Соңунда көрүүчүлөр мамлекеттик гимнди ырдашты.