Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-август күнү саат 04:13тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, жер титирөө Ат-Башы районунун Большевик, Биринчи Май, Талды-Суу айылдарында 2 баллга чейин сезилген.Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.