2020-жылдын 25-август күнү саат 23:30 чамасында, Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши боюнча изделип жаткан, Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы тургуну М.Т кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын натыйжасында алынган кылмышка шектүү өзү жашаган үйүнө келди деген маалымат боюнча аталган даректеги үйүнө барган учурда, ал өзү үйүнөн чыгып, качып кетүүгө аракет кылып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбестен, каршылык көрсөткөн.

Натыйжада ички иштер органдарынын 1 кызматкеринин денесине жаракат келтирген. Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 355-беренсинин (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Кылмышка шектүүгө карата буга чейин Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 266-беренеси (Эээнбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган болчу. Териштирүү учурунда белгилүү болгондой кылмышка шектүү изин жашыруу максатында 2020-жылдын 21-август күнү Бишкек шаарына чыгып кетип, 2020-жылдын 25-август күнү Кара-Суу шаарына кайтып келген.

Азыркы учурда шектүү М.Т., Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка шектүү мурда 3 ирет 165,164-(бул берене боюнча эки жолу) беренелери боюнча 2011-ж, 2013-ж, 2015-жылдары соттолгондугу белгилүү болду.

Териштирүү иштери Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө. Кылмышка шектүү сүйлөй албагандыктан дудуктардын тилин билген атайын адис чакыртылып, котормочу катары тергөөгө көмөктөшөт.