Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 275 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 27-августтагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 115 адам;
— Ош шаарында 12 адам;
— Чүй облусунда 17 адам;
— Ош облусунда 23;
— Талас облусунда 15;
— Нарын облусунда 8;
— Ысык-Көл облусунда 24;
— Жалал-Абад облусунда 28;
— Баткен облусунда 33 адам.
Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 37 миң 492 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.
Жалпысынан 43 миң 459 адамдан коронавирус жана пневмония катталган.
Бүгүн, 27-августка карата Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 менен жаңы 101 бейтап катталды. Муну менен оору жуктургандардын жалпы саны 43 миң 459 адамга жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы катталгандар:
— Бишкек шаарында 32 адам;
— Ош шаарында 1;
— Чүй облусунда 7;
— Ош облусунда 10;
— Талас облусунда 4;
— Нарын облусунда 5;
— Ысык-Көл облусунда 18;
— Жалал-Абад облусунда 16;
— Баткен облусунда 8.