Вьетнамдык улгайган жаран 80 жылдай чачын кырктырбай, беш метрге чейин өстүргөн. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги билдирди.

Вьетнамдык 92 жаштагы Нгуен Ван Чиен 12 жашынан бери чачын кырктыра элек. Мектепте чачы калың жана кара болчу. Адам өзү төрөлгөн нерсени кол тийгис бойдон калтырып кетиши керек деп ишенет. Ал чач анын өмүрүнө түздөн-түз байланыштуу деп эсептейт.

 «Чачымды кырксам, өлүп калам. Мен өзүмдүн чач жасалгамда эч нерсени өзгөртпөйм, жада калса чачымды тарабайм », — деген ал.


Чин чачын тазалап, жоолук менен жаап  кам көрөт. Эркек киши чачын өстүрүү анын өзгөчө тандалган адам экенине ишенет.

«Мен Кудайдын күчү менен тандалганыма ишенем. Ал мага ушул белекти берди,» — деди. Ал, тогуз сыйкырдуу күчкө ишенип, жети кудайга сыйынат.