Бишкек-Ош жолунда жол кырсыктан тогуз жаштагы бала каза болуп, беш киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-август күнү эртең мененки саат 09:30 чамасында болгон. Маалыматта айтылгандай, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа каршы тилкеге чыга калып, Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен кагышкан. Анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги 9 жаштагы бала ошол жерден көз жумган. Мындан сырткары жеңил автоунаанын айдоочусу жана бустун ичиндеги төрт жүргүнчү ар кандай жаракат алышкан.