Бүгүн Бишкекте автоунаа 19 жаштагы кызды сүзүп кеткендигин Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Горький көчөсүндө болжол менен саат 9:55 чамасында Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунаа кызды сүзүп кеткен.

Маалыматта айтылгандай, жабыркаган кыз ооруканага жеткирилип, ал эми автоунаа айып короого токтотулган. Окуянын себебин аныктоо үчүн тиешелүү бардык экспертизалар дайындалган.