Ош облусунуна караштуу Ноокен районунда аскер кызматкери өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.
Маалыматка таянсак, 30-августта №2027 аскер бөлүгүнүн мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери асынып алган.
“Учурда окуянын чоо-жайы такталууда жана кызматтык иликтөө иштери башталды. Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлө баштады”, – деп айтылат маалыматта.