1-сентябрга карата Түштүк Кореяда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 20 миңден ашты.

Кореянын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, өткөн суткада өлкөдө 235 жаңы инфекция учуру катталып, жалпы саны 20 182ге жетти. Жаңы учурлардын ичинен 13ү сырттан келген жарандардан аныкталган.


Өлкөдө инфекциянын жаңы аныкталган учуру бир аз төмөндөө тенденциясы байкалганы менен, көрсөткүч август айынын башына салыштырмалуу бир топ жогору.

Акыркы эки жумада коронавирус менен ооругандардын саны кескин көбөйдү. 18-августта 9 бейтаптын абалы оор болсо, дүйшөмбү күнү бул көрсөткүч 104 адамга жетти.