Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери улантылууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2020-жылдын 18-мартынан 1-сентябрына чейин Бишкек шаарынын аймагында 2 709 400 чарчы метр имараттар жана 4 706 595 погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Бул иштерге жалпы 23 миң 869 кг хлор жана 7111,5 литр суюк хлор колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге: дүкөн, банк, базар, дарыкана жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Учурда бул багыттагы иштер уланууда. Иш-чаралар өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткарылууда.