Бүгүн 2-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өткөрмө бекеттериндеги жарандардын жана транспорт каражаттарынын кирип-чыгуусуна коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы билдиргендей, эки мамлекеттин жарандары республикалардын аймактарына чектөөсүз кире алышат. Бирок санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталышы керек:

• акыркы 14 күн аралыгында Кыргызстандын аймагында болгон же акыркы 72 сааттын ичинде алынган коронавирус жок экенин көрсөткөн ПЦР-тест тууралуу
маалымкаты бар адамдар Өзбекстанга кирип жатканда карантиндик көзөмөлгө алынбайт. Өлкө аймагына кирип келе жаткан Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары өткөрмө бекеттерде дене табы ченелип, анкета толтуруп сурамжылоодон өтүшөт;

• Кыргызстандан Өзбекстанга чыккан жана Кыргызстандын аймагында гана болуп келген Өзбекстандын жарандары республикага кайтып келе жатканда карантиндик көзөмөлгө алынбайт.

• башка учурлардын бардыгында Кыргызстанга жана Өзбекстанга келе жаткан адамдар бул өлкөлөрдө бекитилген тартипке ылайык карантиндик көзөмөлгө алынат.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды өткөрүү төмөндөгү өткөрүү жайлары аркылуу ишке ашырылууда: «Достук-автожол», «Кызыл-Кыя-автожол», «Кадамжай-автожол», «Маданият-автожол» жана «Баймак-автожол».

Транспорт каражаттары «Кадамжай-автожол», «Достук-автожол» жана «Кызыл-Кыя-автожол» көзөмөл өткөрмө жайлары аркылуу өтө алышат.

Эскерте кетсек, 1-сентябрдан тарта Өзбекстан COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмесине кирген.