АКШнын Калифорния штатында аюу азык-түлүк саткан дүкөндү  «тоноду». Бул тууралуу, чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Дүкөнгө коюлган байкоочу камерлардан алынган кадрларда, аюу дүкөнгө кантип киргени, ошол учурда сатуучу аны кууп чыгууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Андан кийин сатып алуучулардын бири кире бериште турган аюуну чаап жиберген. Жырткыч бир нече товарларды чачып жиберип,таңгакталган шоколады ачып жей баштайт.