“Радио Свободанын” кыргыз кызматы бүгүнкү күндө эл көзүнө объективдүү маалымат рупору көрүнүмүш этип, Кыргызстандагы саясатка саресеп салган болуп, шайлоо алдындагы жана шайлоодон кийинки мезгилдерге карата божомолун айтып, айтып тим болбой ал пикирди таңуулап, саясатка ачык аралашып атышат.

Абактагы Равшан Жээнбеков менен болгон жакынкы маегинин фонунда бул ресурс саясатчыга берген суроосу менен бийликке өтө эле жалаа жапты. Суроолордун өзүнүн мазмунунда ачык-айкын жооп бар. «Азаттыктын» суроону узун кылып берип, өзүнүн пикирин маектешине таңуулап, суроолорунда эле маек алып жаткан адамга кыйытма жоопторду өзү даярдап бергенин байкасак болот.
Чет өлкөдөн каржыланган бул маалыматтык ресурс биздин өлкөдөгү окуялардын андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, кырдаалды курчутууга байланыштуу милдетти аткарып жатат деген шек бар (саясий кырдаалдын курчуп бараткандыгы болжолдонууда). Эске салсак, «Азаттыктын» иликтөөчүлөрү бир нече жолу ушактарга таянып, фейк документтерди колдонуп, аны элге жайган жайлары бар.

Ушул кезге чейин АКШ Конгресси тарабынан каржыланган «Азаттык» радиосун айрым эксперттер, саясий топтордун кызыкчылыгы үчүн колдонулуп жатат- деп эсептегендер көп. Бул нерсе редакциянын өзүнүн ичиндеги ыркты бузуп, эки тарап болуп бөлүнүп кеткен окуя унутула элек. Бүгүнкү күндө дагы, Равшан Жээнбеков менен болгон маектин фонунда, “Азаттык” өзүнүн жашыруун максаттарын жашыра алган жок, анда окурмандарга Кыргызстанда кырдаал курчуп кетиши мүмкүн-деген өз пикирин түртүп жатты. “Азаттык” өзү байкабастык мамиле менен айрым укук коргоочулардын, активисттердин жана батышчыл партиялардын, айрым провокациялык топтордун пландарын ачыкка чыгарып алгандай элес калтырды.

Алардын билинбеген билдирүүсү нааразычылык маанайды жаратып, шайлоо жарышында атаандаштарына каршы акцияларды уюштурууга түрткү берери шекшиз.

Эгерде “Азаттыктын” өзүнүн башка миссиясы болсо, анда эмне үчүн ал өзүн дагы деле ЖМК деп атап жүрөт? Антип арамзаланбай, өз миссиясына жараша “Азаттык” партиясы же кыймылы –деп аталышын өзгөртүп, өздөрүнө бекем байланышкан Реформа же Реакция менен жүрө беришпейби. Эмнеге элдин мээсин айлантып, арамза саясатын жүргүзүп жүрө бериши керек?
Ушул убакка чейин алар коррупция жөнүндө ушунчалык жалындуу кыйкырышат, бирок ошол эле учурда экс-президент Атамбаев жөнүндө бир дагы сөз, жада калса кыйытып да айтышпайт. Кантип эле алар убагында так ушу Атамбаевдин калкоолосу менен көмүскө схемалардын ишке ашып турганын билишпейт?

«Азаттык» өзүнүн “жүрүм-туруму” менен ММКдагы бардык иш-аракеттерин буйрутма менен жасалгандыгын айкын көрсөтүп алды. Сөз эркиндиги –деп ал сөздун аркасына жашынып алып, бир топ элге жакпаган иштерди кылып жатканын көпчулүгүз билбей жүрөбүз. Каалаган адамын каралайт, ал эми кызыкчылыктары бир адамдарга жан тартып, аларды “саясий туткун” деп каарманга айлантышат. Обьективдүүлүк, калыс карап жазуу жок.

Равшан Жээнбеков кандайча саясий туткун болуп жүрөт? Ал эл арасында Акаевдин жакыны катары белгилүү болгон учурунда. Акаев менен союздаш болуп, бир топ мураска ээ болгон, мамлекеттин казынасын ичип-жеген. Ошол ачкөз “равшандардын” айынан мамлекет ушундай абалга кептелди.

Ал эми “Азаттык” кимдин-ким экенин элге таңуулабай, сөз эркиндиги, адам укугу демиш этип Жээнбековду мактап-жактай бербеши керек. Кимдин ким экени азыр баарына белгилүү заман. Кыргызстанда ким кандай жол менен акча тапканы, байыганы, тоногону ж.б. алаканга салгандай көрүнүп турат…