Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн,  анын ичинде Россиянын аймагында жашырынып жүргөн жарандардын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп келет. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кезектеги дагы бир факты аныкталды.

 Ушул жылдын август айынын аягында  Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Москва шаарынын укук коргоо органдары менен биргеликте издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган Т.У. аттуу тургунун кармашкан. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 132-беренесинде (Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) көрсөтүлгөн кылмыштын курамындагы белгилер боюнча 2016-жылдан бери  издөөгө алынган.

   Такталган маалымат боюнча жогорудагы жаран 2015-жылы күз айында жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барып, 2001-жылы туулган кыздын боюнда бар болуп калган. Ушундай кийин Жаран Т.У. изин жашырып качып кеткен. Андан соң ал Россия Федерациясынын аймагында жашырынып жүргөндүгү аныкталган.

      Андан сырткары, жогорудагы жаран Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгы жарыялаган федералдык издөөдө экендиги такталган. Ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 3-бөлүмүндө  көрсөтүлгөн кылмыштын курамындагы белгилер боюнча издөөгө алынган.

 Азыркы учурда издөө алган тарап кабарланды.  Кармалган адам Москва шаарындагы тергөө абагына киргизилди.  Минск конвенциясына ылайык шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу маселе Россиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим кабыл алынгандан кийин чечилет.

ИИМдин Басма сөз кызматы