Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 5-сентябрдагы маалыматына караганда, Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде дагы төрт медициналык кызматкер коронавирус жугузуп алганы аныкталды.

Алардын экөө Баткен облусунда, дагы экөө Жалал-Абад дубанында. Коронавирус жугузуп алгандан кийин ооруканада дарыланып жаткан эки медкызматкер айыгып чыкты. Үйдө карантинде отурган он беш кызматкер сакайганы айтылды.

COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери коронавирус жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 3149га жетип, анын 2550сү айыкты. Расмий маалымат боюнча өлкөдө коронавирустан 80ден ашык медкызматкердин өмүрү кыйылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, бүгүнкү күндө коронавирустан каза болгон 18 медкызматкердин үй-бүлөcүнө кенемте берилди. Дагы 34 кызматкерге кенемте төлөө маселеси иликтенип жатат. Иш учурунда вирус жугузуп алган медкызматкерлерден келген 800 документ каралууда.