Наркотикалык затты ашыкча колдонгон аял, клиникалык өлүм учурунда сезимдери жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу Express басылмасы билдирет. Франсин аттуу бейтап тозокко сапар тартканын айткан. Бул тууралуу ал клиникалык өлүмдөн кийин изилдөө фондуна жазган.


«Мен денемден чыгып, дарыгерледин мени тирилтүүгө аракет кылып жатышканын байкадым. Бир маалда мени «кара периштелер» деп аталган коркунучтуу жандыктар курчап алышты. Алар: «Жарыктан караңгылыкка» деп сүйлөшүштү.Алардын сөзүнүн калган бөлүгү эсимде жок », — деди ал. Франсиндин айтымында, караңгы нерселер анын эч нерсесин калтырбай үзүп-үзүп салган.

«Биз түз оорукананын залдары аркылуу  чатырга учтук. Анан мен тозокко түшүп, чалкамдан жаттым. Башкалардын кыйкырыктарын жана алардын кыйналганын уктум. Жаман адам мени суракка алды, ал түбөлүктүүлүк сезилди. Ал менин эмнеге ишенеримди жана кимге сыйынганымды билгиси келди », — дейт ал.


Франсин алгач аябай коркконун, бирок кийин жиндерге баш ийбей, аларды артка кайтарууга көндүргөнүн түшүндүрдү. «Мен аларга Ыйсага ишенем деп айттым жана ал мага зыян келтирбейт деп ойлойм дедим. Анан мен күтүлбөгөн жерден тозоктон чыгып кеттим », — деди ал.


Андан соң “кара периштелер” Франсинге өзүнүн бүт өмүр жолун көрсөтүп, анын жашоосундагы бардык каталарына көңүлүн бурган.

 «Бул тасма ушунчалык деталдуу болгондуктан, ал тургай менин бирөөгө туура эмес көз караш менен караган учурларымды көрсөтүштү. Мага менин жүрүм-турумум башкаларга кандайча зыян келтиргенин көрсөтүштү, жана башкаларды көбүрөөк сүйүшүм керек болчу экен», — деди клиникалык жактан өлгөн бейтап.


Финалда аял өзүн энесинин курсагында экенин сезгенин айтат. «Мен төрөлгөнгө чейин аябай тынч болчу. Менин жарык дүйнөгө төрөткөн  врачым: «Мына дагы бир кичинекей сойку» деп ойлогонун көрсөтүштү, ошондо мага дүйнөнүн жамандыгы эсиме түштү. Мен мунун баарын  уктум, көрдүм жана аябай кайгырдым. Андан кийин мен жашоомду өткөрүп, өлүп, миңдеген жолу кайрадан төрөлдүм. Бул чексиздик чыныгы тозок болчу жана мен анын токтошун кааладым », — деди Франсине.

Кээ бир изилдөөчүлөр пациент сүрөттөгөн нерсени кадимки көрүнүш деп эсептешет жана мындай окуя адамдын бейишти, тозокту же өлгөндөн кийинки жашоону көргөндүгүн билдирбейт.

«Бул мээнин өзүн-өзү сактап калуу техникасы болуп калышы мүмкүн»,- дейт Нью-Йорктогу Лангон Жандандыруу жана Жашоого кайтууну Изилдөө   медициналык мектебинин Директору, доктор Сэм Парния.