Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 134 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы айыккандар:

— Бишкек шаарында 93 адам;

— Ош шаарында 14 адам;

— Чүй облусунда 2 адам;

— Ош облусунда 5;

— Ысык-Көл облусунда 1;

— Жалал-Абад облусунда 14;

— Баткен облусунда 5 адам.

Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 39 миң 960 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.

Өлкөдө жалпысынан 44 миң 458 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталды.