Бишкектеги Эркиндик бульварында эркек киши асынып алды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга эртең мененки саат 5те кабар түшкөн.

«Окуя болгон жерден полиция кызматкерлери европа түспөлүндөгү адамдын сөөгүн табышты. Ал жаран өзүн даракка асып алган. Каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал 24 жаштагы М.М. экени маалым болгон.  Аны карап чыкканда сырткы  денеге зыян келтирүү белгилери жана зордук-зомбулук менен өлүтүрүү издери табылган жок. Факт катоого алынып, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды », — деп билдиришти РИИБден.