Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алууга байланышкан кылмыш ишинин бети ачылды.
Ушул жылдын 19-август күнү Бишкек шаарынын Фучика көчөсүндө жол-транспорттук кырсык катталган. Анда “ВАЗ 2105” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу унаасын башкара албай бетон бордюрга сүзүлгөн. Жол кыймылынын кырсыгына дуушар болгон күнөөкөр окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Аталган окуяны териштирүүнүн жүрүшүндө “ВАЗ 2105” үлгүсүндөгү автоунааны Ысык-Көл облусунан айдап качып кеткендиги аныкталган. Издөөдө экендиги тууралуу багыттама дагы алынган. Белгилүү болгондой, автоунаа каражаты ушул жылдын 19-август күнү бир нече саат мурда эле Жети-Өгүз районунан айдап качып кетишкен. Автоунаанын ээси милицияга арыз менен кайрылып, бул факты КЖБРге катталып, Жети-Өгүз РИИБи Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренесинин (Автомототранспорт каражатын айдап качуу) негизинде сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Бул кылмыш ишин иликтөөгө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери дагы тартылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө, Жети-Өгүз районунун жашоочусунун автоунаасын айдап качкан күнү дагы мал багуучусу жоголуп кеткен маалым болгон. Анын өздүгүн тактоого дагы мүмкүн болгон эмес. Анткени фермер Ош базарындагы радиотүйүн аркылуу жумуш бериле тургандыгы жөнүндө жарыясынан кийин келгенине үч күн болгон.
Ыкчам-тергөө жана ыкчам–иликтөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүнүн изине түшкөнгө мүмкүн болуп, ал Чүй облусунун 18 жаштагы жошоочусу А.Н. экендиги аныкталган. Ал мурда соттолгон жана жашы жете электер үчүн абагында жазасын өтөгөн.
Жогорудагы жаран жумуш берүүчүсүнө өзүн башка ат менен тааныштырып, фермердин мүлкүн ээлеп алууну башынан эле көздөп жүргөнү белгилүү болгон. Жумушка орношконуна үч күн толгондо эле ээсинин автоунаасын уурдап айдап качып кетүүгө үлгүргөн. Ошондой эле, уюлдук телефон дагы урдоого шектелүүдө. Азыркы учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы териштирилүүдө.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жарандарга, жумуш берүүчүлөргө, өзгөчө региондордо жашаган жарандарга убактылуу иштеген же убактылуу жалданып иштеген жумушчулардын документтерине көңүл бурууга чакырат. Башка учурларда тааныбаган адамдардын өздүгүн тактоо үчүн милициянын аймактык ыйгарымдуу тескөөчүлөрүнө кайрылуу керек.
ИИМдин Басма сөз кызматы