Кечээ, 7-сентябрда Кочкор районунун Кубакы ашуусундагы унаа кырсыктан адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу ӨКМден  билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында «Фольксваген Поло» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1995-жылы туулган жигит каза болгон. ӨКМдин куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.