Коом

Дарыгерлер кыздын ашказанынан алты килограммдан ашык чач алып чыгышты

Индиянын Джарханд штатында дарыгерлер кыздын ашказанынан алты килограммдан ашык салмактагы чач алып чыгышты. Бейтапка сейрек кездешүүчү оору диагнозу коюлган, деп билдирет The Sun.

17 жаштагы Свитти Кумари ооруканага ичи ооруп жатканын айтып түшкөн. Дарыгерлер анын ашказанынан трихобезоар деп аталган ири шишикти алып чыгышты. Көрсө, кыз көп жылдар бою чачын жей бергендиктен, чач ашказанда  топтолуп калган экен. Операцияны жасаган доктор Сахунун айтымында, 40 жылдык тажрыйбада  мынчалык көлөмдөгү топтолуп калган чачты көргөн эмес.

Дарыгерлер бейтаптан трихофагия же Рапунцель синдромун табышкан. Бул сейрек кездешүүчү абал. Өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө, өзгөчө оор учурларда, оору өлүмгө алып келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button