Кытайда дүйнөдөгү эң узун асма айнек көпүрө ачылды. Анын узундугу  526 метрди  түзөт.  Өтмөк дарыя деңгээлинен 201 метр бийиктикте орун алган.  Ал эми айнектин калыңдыгы 4,5 сантиметр. Бир эле  убакытта көпүрө аркылуу 500дөн ашык адам өтпөшү керек.

Көпүрө эки кызыл мунараны бириктирип, аларга темир жана жоон трос менен бекитилген. Бул өтмөктү Кытай бийлиги Гиннес рекорддор китебине киргизди.

Белгилей кетсек буга чейин дүйнөдөгү эң узун асма айнек көпүрө да адл ушул кытайдын Хэбэй провинциасында курулуп анын узундугу 448 м болгон. Аталган көпүрө 2017-жылы ачылган болчу.

https://www.youtube.com/watch?v=cFUaMfSTsio