Окурмандардын каттарын жарыялоону улантабыз. Бул жолку каарманыбыз жашоосунда жаш жигитти жолуктуруп, сүйүүнү башынан кечирип жаткан айым тууралуу айтып бермекчибиз.

Тагдыр ар бир адамды ар кандай сынап ойго салат экен. Өзүм Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде окутуучу болуп эмгектенем. Жашым 44тө. Үч кызым бар. Көп убакыттан бери күйөөм менен тил табыша албай, ары эмес, же бери эмес абалда күн кечирип келем. Анысына деле кайыл болуп жашап келем.

Ушундай күндөрдө өзүмөн 12 жаш кичүү, Замир аттуу бойдок жигит менен таанышып, жылдызыбыз келишип калды. Ал шыңга бойлуу сүйкүмдүү жигит. Азыр окуу жайды бүткөнү менен швеяда иштейт. Бир жылдан бери мамилебиз ысык, бири-бирибизге көнүшүп да алганбыз. Мындайда күйөөмдөн алыстай баштадым. Андан көңүлүм калып үйгө киргизбей калгам… 

Жакында эле боюмда болуп калганын билдим. Замирге сүйүнчүлөп айтсам, ал негедир кубанган жок. Кайра менден алыстай баштагансыды. Жашым өтүп баратканда төрөп алууну ойлоп, бакытка балкып аткан кезим. Бир эле көйгөйүм – Замирди кантип кармап калуу?.. Табалабай, жамандабай, туура кеңеш алууга муктажмын.

Эгер Замир окуп калсаң мени таштабасаң дагы ичимдеги балаңды ойло. Анын жаркын жашоосуна өзүңдү алып качпа. Бала экөөбүздүкү….

Булак: Кадам Медиа