Социалдык Мейкатон иш чарасы аяктарына саналуу гана күндөр калды. Сиз бул аралыкта жаккан команданын алдыга озуп чыгышына жардам бере аласыз. Ал үчүн Элсом тиркемесинин ичиндеги кайрымдуулук бөлүгүнө кирип, «IDEA Сentral Asia» дегенди басуу керек. Андан соң өздүк эсебине команданын атын жазып, сала турчу акчаңыздын суммасын көрсөтүп которуу зарыл. Акча которуу Элсом тиркемеси менен гана ишке ашырылат.

Борбордук Азиядагы дебат билим берүү борбору которулган каражаттардын отчетун берүүгө даяр. Эскерте кетсек Кыргызстанда 24-августан баштап 10-сентябрга чейин мейкатон иш-чарасы өтмөк.

Мейкатон – бул жаштардын биргеликте креативдүү ой жугүгүртүү менен социалдык маселелерди инновациялык жол менен чечүүгө аракет кылган иш чара.
Бул иш-чараны Борбордук Азиядагы дебат билим берүү ассоциациясы, USAID программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Иш-чарада, региондордогу жаштар 14 күн бою кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай өз аймактарындагы маселелерди чыгармачылык көз караш менен карап, жаңы идеяларды таап, маселелерди чечүү жолун издешип, аймактардын өнүгүүсүнө салым кошууга аракет кылышат.

Иш-чарага Нарын облусунан Нарын шаары, Кочкор, Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Сузак районунун Барпы, Кара-Алма, Көгарт, Көк-Жаңгак, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Акман, Бешик-Жон, Сейдикум айылдарынын жаштары катышат. Мейкатон 14 күн боюн онлайн форматында өтөт, аны баардык каалочулар ideaca.today сайтына кирип онлайн көрө алышат.