Жакында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон 1990-жылы туулган Жумабек уулу Кайрат 2020-жылдын 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Ысык-көл районунун Сары-Ой айылындагы үйүнөн “Тайота-Камри” үлгүсүндөгү күмүш түстөгү автоунаасын айдап чыгып кеткен бойдон кайтып келбегендигине байланыштуу анын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалган.

2020-жылдын 5-сентябрь күнү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштү баштаган.2020-жылдын 8-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөгн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшундө Жумабек уулу Кайраттын кайда жүргөндүгү аныкталган.

Ал Бишкек шаарынын аймагында жүргөн. Азыркы учурда Жумабек уулу Кайрат автоунаасы менен бирге жакындарына тапшырылды.

ИИМдин басма сөз кызматы