Бишкектин административдик сотунда, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын бул саясий уюмду шайлоого катышууга Боршайкомдун каттабай койгону боюнча берген арызы каралып жатат.

Экс-омбудсмен Турсунбай Бакир уулу сотто аны үчүнчү тарап катары кароо боюнча ходатайство берген. Сот Анара Эгембердиева, Боршайкомдун токтому мурдагы эл депутатынын арызы боюнча жумушчу тобу чыгарган чечимге негизделген, даттануусун канаттандыруу үчүн эмес, деп Турсунбай Бакир уулунун ходатайствосун канааттандыруудан баш тартты.

Мындан сырткаары, соттун чечими Турсунбай Бакир уулунун партия тизмесине кайрадан калыбына келтирилүүсүнө эч кандай таасир тийгизе албайт.