Британиялыктарга кайрадан алты кишиден турган компанияларда — ачык жерде жана үйдө, ошондой эле эс алуу жайларында, ресторандарда чогулушуна тыюу салынат. Акыркы жумаларда Британия бийлиги Ковид-19 оорусунун көбөйүшү жана эпидемиянын экинчи толкунунан сактануу керектиги жөнүндө көп айтып жатышат, деп жазат Би-Би-Си.

Дүйшөмбүдө коронавирус 2,9 миң британдыктан табылган. Бул май айынан берки эң жогорку күнүмдүк көрсөткүч болду.

Тыюу салуу, мектептердин жана кеңселердин ишине таасир этпейт. Ошондой эле, үйлөнүү үлпөтүнө жана сөөк коюуга тыюу салынбайт, эгерде алар социалдык аралыкты сактап, эрежелерге ылайык өткөрүлсө.

Ал эми, тартип бузгандар үчүн жүз фунт айып пул (бул 10 миң сомго жакын); мыйзам бузуулар үчүн, айып 3200 фунтка чейин көтөрүлүшү мүмкүн.