Таза шайлоо өткөрүү темасы Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоонун астында абдан талкууланчу темага айланат. Бул максатта “Азаттык” радиосу юридика илимдеринин доктору, профессор, Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы башчысы Чолпонкул Арабаевди чакырган экен.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, Арабаев шайлоону таза өткөрүү жана башка жогорку материя жөнүндө философиялык ой толгоолорун айтып берген.
Бирок таза иш алпаруу тууралуу кимдер гана сөз кылбайт? Эгер Арабаевдин биографиясын карап көрсө, анын колу деле мындай таза иштерден алыс экен.

Ал 90-жылдары Аскар Акаевдин учурунда, мамлекет башчысынын администрациясында юридикалык бөлүмдүн башчысы болгон. Ошондо дал ушул Арабаев жийиркеничтүү, таза эмес шайлоолорду өткөрүүнүн негиздерин мыйзамдарга киргизген.
Бакиевдин учурунда “май көл-сүт көл” орун болуп саналган Мамлекеттик кадр кызматында директор болуп иштеген. “Арабаев, Юстиция министринин орун басары болуп турганда бир топ ууру-кески, акмактарды түрмөдөн бошотууга жардам берген” деп айтышат аны тааныгандар.

Улуттук илимдер академиясын башкарып иштеп турганда академиянын гаражын менчиктештирүүгө абдан кызыкдар болгон экен.
Дегеле Арабаевди дасыккан паракор деп аташат. КРСУда студенттерди окууга өткөрүүдө акча жасаганы, анын башчылыгында юридикалык факультет баары пара менен чечилген факультетке айланып, окутуучулар студенттерден уялбай-этпей эле пара алып калышканы айтылат.

Андыктан, таза шайлоо жөнүндө башкалар айтышса дагы, Чолпонкул Арабаев айтпай эле койсо.