«Ыйман нуру» саясий партиясынын шайлоо боюнча жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Партиянын буга чейинки ыйгарым укуктуу өкүлү Мурзакулов Бекболот Муктарбековичтин күбөлүгү жокко чыгарылды. Мындай чечим Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан кечээ, 9-сентябрдагы жыйналышта кабыл алынды.

«Ыйман нуру» саясий партиясынан шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Эркебаев Нурбек Турдалиевич катталды.