Жалпы команданын ичинен мыкты натыйжа көрсөтүп алдыга 3 команда озуп чыгып, 1-2-3 оорундарга ээ болушкан.

Биринчи орун — Көк-Жаңгак командасы

Экинчи орун — Кочкор командасы

Үчүнчү орун — Арстанбап командасы

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 24-августан баштап 11-сентябрга чейин мейкатон иш-чарасы өткөн

Мейкатон – бул жаштардын биргеликте креативдүү ой жугүгүртүү менен социалдык маселелерди инновациялык жол менен чечүүгө аракет кылган иш чара.

Мейкатонго региондордогу жаштар 14 күн бою кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга карабай өз аймактарындагы маселелерди чыгармачылык көз караш менен карап, жаңы идеяларды таап, маселелерди чечүү жолун издешип, аймактардын өнүгүүсүнө салым кошууга аракет кылышты.

Иш-чарага Нарын облусунан Нарын шаары, Кочкор, Кош-Дөбө, Кум-Дөбө, Сузак районунун Барпы, Кара-Алма, Көгарт, Көк-Жаңгак, Базар-Коргон районунун Арстанбап, Акман, Бешик-Жон, Сейдикум айылдарынын жаштары катышты.

Мейкатон ушуну менен чектелип калбастан, жакынкы аралыкта командалар идеяларын ишке ашырууга киришет.

Бул иш-чараны Борбордук Азиядагы дебат билим берүү ассоциациясы, USAID программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат.