Азат Ибраимов Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, премьер-министр Кубатбек Боронов тиешелүү буйрукка кол койду. Ибраимов буга чейин өкмөттүн санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.