“Келечекке жол” парламенттик шайлоолорго мониторинг жүргүзүү борборунун башчысы Турсунбек Акун Эл аралык республикалык институт (ЭРИ) эл аралык уюмунун Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатканын айтып, алардын ишмердүүлүгүн айыптап чыкты.

Бул эл аралык институт деген ат менен жүргөн кадимки эле чет элдик НПОнун Center for insights in survey research илимий борбору USAIDдин SIAR Research and Consulting каржылык колдоосу менен калкка сурамжылоону заказ кылган. 2020-жылдын 6-14-август күндөрүндө 1223 респондентке сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Турсунбек Акундун айтымында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 40-беренесине ылайык, эл аралык уюмдардын өлкөдөгү шайлоолорду каржылоосуна тыюу салынат. Мындан сырткары, ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашууга ылайык, шайлоолорду каржылоого тыюу салынганын дагы эскертип өттү.

SIAR Research and Consulting илимий борбору жүргүзгөн сурамжылоодо 75% респонденттер алардын маалымат базасынан алынган жана 1223 респонденттин 47%ы суроолорго жооп берген. Турсунбек Акун мындан сурамжылоонун жыйынтыгынын калыстыгында да күмөн бар экенин баса белгилеген.

“Белгилүү партиялар жөнүндө суроо боюнча биринчи орунда КСДП партиясы аныкталган. Ал эми экинчи орунга болсо “Ата Журт” партиясы чыккан. Бул партия болсо августтун башында шайлоого катышам деген 44 партиянын тизмесинде жок болчу. Андан кийинки орунга 10 жылдан бери дайын-оту жок “Ак жол” чыккан. Ал эми азыр белгилүү болуп жаткан партияларга респонденттердин 0-0,3%ы гана добуш беришкен”,- деп күмөн саноосун чечмелеп берди Турсунбек Акун.

“Биз сурамжылоо жүргүзүүсүнө каршы деле эмиеспиз, бирок баары таза, калыс болуш керек да”,- дейт ал.

Турсунбек Акун ошону менен катар эле “Общее дело” коомдук фонду парламенттик шайлоо тууралуу июнь айында өткөргөн дал ушундай эле сурамжылоого токтолду. Анын айтымында, бул сурамжылоонун жыйынтыктары дагы жогорку сурамжылоого окшош.

“Алар биздин ички иштерибизге кийлигишүүгө акылары жок. Эгерде сурамжылоолорду 4-5 ай мурун өткөрсө мындай күмөн маселелер жаралмак эмес… Андыктан биз жүргүзүлгөн сурамжылоолордун шек жараткан жыйынтыктарын чакыртып алууну талап кылабыз. Эгер андай болбосо биз БШКга жана башка тиешелүү органдарга кайрылабыз”,- дейт ал.