Бишкек шаарындагы «Алмалуу» кафесинде үй-бүлөлүк чыр-чатак болду. Бул окуя тууралуу маалымат милиция кызматкерлерине 11-сентябрда кечинде түшкөн.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери айтылган дарек боюнча барганда канжалата сабаган аял күйөөсүнө арызданган. 

Аялдын айтымында, аны күйөөсү сабаган. Ал дос кызы менен кафеде отурганда күйөөсү барган. Ал аялын дааратканага киргизип, эшигин бекитип алып сабаган.

Кыйкырыктан улам кафенин конокторунун бири эшикти талкалап кирип, аялынын мойнуна бычак такап жаткан кишини чапканда, ал сыртка качып кетүүгө жетишкен.