Кыргызстанда аскер кызматына күзгү чакыруу башталды. Бул тууралуу КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын маалымат кызматы кабарлады.

11-сентябрда Чүй облусунда жана Бишкек шаарында аскерге чакырылгандарды узатуу аземи болуп өткөн. Ушундай эле иш-чаралар республика боюнча өткөрүлүп, 3 миңден ашуун адам Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундары менен аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөмөкчү.

Генштаб белгилегендей, быйыл коронавирус кырдаалына байланыштуу аскерлерди узатууга жакындары келген жок.

Кыргызстанда 18 жаштан 25 жашка чейинки курактагы жигиттер сөзсүз милдеттүү же альтернативдүү аскердик кызмат өтөөсү керек.

Чакыруу үстүбүздөгү жылдын 30-ноябрына чейин улантылмакчы.