Эстрада ырчысы, жеке ишкер Самат Дөлөтбаков жеке ишкер болуунун сырын айтып берди. Анын айтымында, ишкер болууну эңсегендер айтылган кеңешти толук аткарса турмушунда пайдасы тиет.

Жеке ишкер болом, эч кимден көз карандысыз болбойм десең:

  • Ишенби, жекшембиге карабай иштешиң керек, сен үчүн дем алыш күндөрү жок. Отпуск да жок.
  • Кечинде, саат 18:00 иш бүтпөйт, кээ бир учурларда ошол убакытта катуу кызып турат;
  • Алдыда көп керектүү жана керексиз жолугуулар, сүйлөшүүлөр болот;
  • Үй-бүлөңдү азыраак көрөсүң, аларга аз убакыт бөлөсүң. Жакшы иштесең, кийин мунун баары ордуна келет;
  • Ар дайым өзүң үчүн гана эмес, үй-бүлө жана коллективиң, коллегаларың үчүн риск аласың. Алардын сени менен иштеп жаткан учурунда, аларга жооптусуң;
  • Туура, керектүү адамдардыңды ишке алуу, бул сенин эң чоң миссияң болуп калат. Кадр маселеси өтө оор;
  • Иш маселелериңди 24 саат, майрам, эс алуу күндөрүнө карабай ойлоп, алек болосуң, ж.б.

Идеалдуусу, өйдө жакта жазылган жана жазылбай калган дагы көп пункттар жеке ишиңдин башында, системаң отурукташкаңга чейин болуш керек, 3-5 жылга чейин талап кылат. Кийин автоматизация, делегированияны жакшы койсоң, өзүң жыргай түшөсүң.

Мени окугандардын арасында жеке ишкер, бизнесмендер бар болсо керек.