13-сентябрда «Биримдик» саясий партиясынын жаштар канаты «демократиялык социализм» темасына «суроо-жооп» иретинде ачык талкуу өткөрдү. Аталган иш-чарага ар кандай уюмдардын,бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү  жана Кыргызстандын алдынкы жаш лидерлери чакырылган.

Сөз башында «Биримдик» саясий партиясынын жаштар канатынын лидери Махмуд Ойтемиров бүгүнкү күндө бул тема абдан актуалдуу экендигин айтып, ошондон улам «Биримдик» саясий партиясы «демократиялык-социализм – евразиялык тандоо» жолуна түшкөнүн баса белгилеп кетти. Муну менен бирге «Биримдик» саясий партиясынын талапкерлери  менен тааныштырды.

Андан ары талапкерлер демократиялык социализм боюнча көз караштары менен түшүнүктөрүн ортого салып,  аталган маселелер туурасында өз тажырыйбалар бөлүшүштү. 

Өлкөбүздүн  жаш лидерлери «Биримдик» саясий партиясынын талапкерлерине бардык кызыктырган маселелер боюнча суроолорун берүүгө мумкунчулук алышты. Конструктивдүү жана пайдалуу талкуу болуп, жаш лидерлер бул иш-чаранын оӊ жактарын белгилешти, анткени, ачык суроо-жооп талкуусу айрым жаш лидерлерге өз көз караштарын ачык айтып, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

Евразия элдеринин Жаштар Ассамблеясынын теӊтөрагасы Нургуль Кадыркулова «Биримдик» саясий партиясын колдоо менен аталган темага болгон кызыгуусун билдирди.

«DAS Eduсation» билим беруу борборунун директору Замир Айылчиев билим берүүнүн айрым учурларын белгилеп, билим берүү жаатында кызыктуу сунуштарын берди.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.